“Таберик” залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык түзүлгөн шаардык штабдын жыйыны өттү.
Жыйынга Бишкек шаардык аймактык комиссиясынын төрагасы Жайнак Ибрагимов, мэрлердин орун басарлары, район акимдери, шаардык кызматтардын жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында мэр Айбек Джунушалиев сөз сүйлөп, КР президентинин жакында жасаган кайрылуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, шайлоо ачык-айкын жана мыйзам чегинде өтүшү керектигин баса белгиледи. Ал билим берүү мекемелеринин жетекчилерине шайлоо комиссияларынын ишине мугалимдердин катышуусуна тоскоолдук жаратпоону жана аларга көмөк көрсөтүүнү тапшырды. Укук коргоо органдарына мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти сактоону камсыздоо, ал эми административдик район башчыларына уюштуруу - техникалык маселелерди чечүүнү уюштуруу жана шайлоочулардын катышуусун жогорулатуу үчүн калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Шаардык штаб үстүбүздөгү жылдын 1-октябрында борбор калаанын участкалык шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн. Ошол эле күнү негизги иш-чаралардын планы жана көп мандаттуу шайлоо округдарынын чек аралары бекитилди. Бишкек шаарында төрт шайлоо округу түзүлдү:
•№ 21, УШК - 60 (Ленин району);
•№ 22, УШК - 60 (Октябрь району);
•№ 23, УШК - 55 (Биринчи Май району);
•№ 24, УШК - 60 (Свердлов району).
Жалпысынан 235 участкалык шайлоо комиссиялары бекитилди.






