«Бишкек ЖЭБ» муниципалдык ишканасы И.Раззаков атындагы КМТУ менен биргеликте «Жылуулук электр станциялары» факультетинин студенттери үчүн дуалдык окуу программасын улантууда. ⠀
Бул кызматташтыктын алкагында ЖЭБдин болочок адистери түздөн-түз “Бишкек ЖЭБ” МИнин өндүрүштүк жайларында окуудан өтүшүүдө.
Ишкананын тажрыйбалуу адистери практикалык сабактарды өткөрүү менен студенттерди негизги жана көмөкчү жабдуулардын иштеши, технологиялык процесстер, ишкананын ишенимдүү жана коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу чаралары менен тааныштырууда.
“Бишкек ЖЭБ” МИ менен И.Раззаков атындагы КМТУнун кызматташуусу Кыргызстандын энергетика тармагынын кадрдык потенциалын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. ⠀