"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадасы кыш мезгилине даярдыктарды улантууда жана борбор калаанын көчөлөрүндө чуңкурларды оңдоо иштерин активдүү жүргүзүүдө.
Учурда Д.Садырбаев көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү чуңкурларды оңдоо иштери жүрүп жатат.
Ушундай эле иштер төмөнкү даректерде аткарылган:
- 12-кичи район № 41,42,43 турак үйлөрдү бойлой;
- Киев көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Логвинеко көчөсүнө чейин;
- "Ак Ордо" конушунун Өмүр көчөсү Кырк-кыз көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
- Ашар көчөсү;
- 7-апрель көчөсү Чүй проспектисинен жол өтмөгүнө чейин, 2/1, 3/2 үйлөрдү бойлой;
- "Чыгыш-5" кичи району № 1/2, 2/2, 3/2, 182 үйлөрдү бойлой;
- Семетей көчөсү Д. Садырбаев көчөсүнөн "Орок" конушуна чейин;
- Логвиненко көчөсү Ленинград көчөсүнөн Күрөңкеев көчөсүнө чейин;
- Осмонкул көчөсү боюнча.