Кечээ мамлекеттик тил күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин иш планынын негизинде "Кыргыз тили жана адабияты боюнча мыкты кабинет" сынагынын шаардык туру жыйынтыкталды.
Сынакка райондук турда 1-2-орундарды ээлеген жалпы билим берүү уюмдары жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары катышты. Сынактын катышуучулары бекитилген жобонун негизинде бааланды.
Комиссиянын төрайымы болуп Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Айнура Сооронбаева катышты.
Жалпы билим берүү уюмдарынын арасында өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында 1-орунду №82 мектеп, 3-орунду №115 мектеп ээледи; мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ичинен 1-орунду №22 бала бакча, 2-орунду №8 бала бакча, 3-орунду №181 бала бакча багындырды.