2025-жылдын 14-октябрында саат 09:00дөн 00:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешкен:
1-квадрат. Алыкулов көчөсү – Кустанай көчөсү – Муром көчөсү – Садыгалиев көчөсү – Л.Толстой көчөсү – Coca-Cola району;
•2-квадрат. Садыгалиев көчөсү – Д.Сяопин проспектиси – П.Лумумба көчөсү – Волков  көчөсү – Кустанай көчөсү андан ары Алимжан-Ата көчөсү – ЧЧК – Ленский көчөсү – Космонавтар көчөсү – Коммунаров көчөсү – ЧЧК – Ала-Арча дарыясы – Рыскулов көчөсү – Д.Сяопин проспектиси – Пишпек көчөсү – Жамгырчинов көчөсү – Кайназарова көчөсү – Гатчинский тар көчөсү – П.Лумумба көчөсү – Жамгырчинов көчөсү менен Садыгалиев көчөсүнө чейин;
•3-квадрат. «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер», 110-квартал  конушу, «Достук» кичи району.

«Батыш»   суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү токтотулат.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.