Борбор калаадагы Куланак көчөсүндө курулуш иштери аяктап, бүгүн расмий түрдө транспорт кыймылына ачылды.
7-апрель көчөсүнөн Көк-Жаңгак көчөсүнө чейин созулган жаңы жолдун узундугу 833 метр, туурасы 8 метр.
Курулуш иштеринин жүрүшүндө жолду асфальттоо, тротуарларды куруу, жолдун эки тарабына ирригациялык системаны орнотуу иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жол белгилери орнотулуп, жол чийиндери түшүрүлдү.
Куланак көчөсүнүн курулушу 2025-жылдын июль айында башталган. Бул долбоор транспорттук инфраструктураны жакшыртуу, унаа тыгындарын азайтууга багытталган.
Бишкек шаарынын мэриясы шаардагы көчөлөрдү жана жолдорду өнүктүрүү, бардык райондордун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча туруктуу иштерин улантып жатат.