Бүгүн борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана мэрдин орун басары Виктория Мозгачева Эл аралык Дельфи комитетинин директору Владимир Понявин менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда Бишкек шаарында Эл аралык Дельфи оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү маселелери талкууланды.

Айбек Джунушалиев мурдагы ийгиликтүү кызматташуу тажрыйбасын белгилеп, оюндарды салтка айланган жогорку деңгээлде өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде В.Н. Понявин кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы иш-чарага даярдыктын негизги багыттарын сунуштады.

Ошондой эле күн тартибине 2030-жылга чейин Дельфи оюндарын өткөрүүгө арналган жол картасын талкуулоо киргизилди.

2025-жылдын ноябрь айынын аягында Дүйнөлүк Дельфи оюндарын белгилөөнүн 25 жылдыгына карата Эл аралык конференция өтүп, анда 2025-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчет сунушталат.

Мындан тышкары, 2025-жылдын 3–6-декабрь күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында алгачкы Парапифия оюндарын өткөрүү пландалууда, анда Бишкек жаштарынын катышуу мүмкүнчүлүгү да каралат.