«Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасынын аймагында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында бир катар негизги маселелер боюнча коллегия жыйыны өткөрүлүп, анын ичинде жер мунапысы боюнча маселе да көтөрүлдү.

Бишкек мэриясы жер мунапысын ылдам бүтүрүү жана жер тилкелерин пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү үчүн бир катар чараларды кабыл алды.

Мэрдин орун басары Азамат Кадыров мэрия жана түзүмдүк ведомстволор менен биргеликте жер мунапысы алкагында жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында бир катар көйгөйлүү маселелер боюнча жана коргоочу зоналарды кыскартуу боюнча чечимдер кабыл алынганын билдирди:

- Темир жолдордун коргоо зонасына тиешелүү ченемдер жер мунапысынын объекттерине жайылтылбайт 100 ашык уйлор мыйзамдаштырылды;
- Өзүм билемдик менен көрүстөндөргө жакын курулган жеке турак үйлөргө карата санитардык-коргоо зонасы 50 метрден 10 метрге чейин кыскартылып 573 турак жайдын мыйзамдаштыруу маселеси чечилди;
- “Үмүт” конушунда саркынды суулардын коргоо зонасындагы 300 турак жайдын мыйзамдаштыруу маселеси чечилди;
-   Кызыл сызык сыртына чыгып калган жер тилкелерине шаар куруу кеңешмесинин чечимине ылайык 1418 турак жай мыйзамдаштырылууда;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 18-пунктуна өзгөртүү киргизилди;
- “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына киргизилген жерлерде жайгашкан жер мунапысынын субъектилерине бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмү жалпы пайдалануудагы жерлерди эсепке албастан ээлеп турган жер участогунун иш жүзүндөгү чектерине жараша белгиленет;
- “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына киргизилген жерлерде жайгашкан жер мунапысынын субъектилерине бекитилип берилүүчү жер участогунун өлчөмү жеке турак үй куруу үчүн ушул айыл аймагында же калктуу конушта бекитилген чектүү аянтка жараша жерге жайгаштыруу схемасына жана долбооруна ылайык белгиленет;
- Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 63-беренесинин 13-пункт боюнча сунуш берилген.


Департаментке кошулган аймактардагы көйгөйлүү объекттер боюнча комиссиялык көчмө жыйындарды 2025-жылдын 1-ноябрына чейин бүтүрүү жана жер мунапысы боюнча комиссиялардын жыйынын туруктуу өткөрүү тапшырылды.

Муниципалдык администрациялар калк менен кызматташтыкты камсыз кылып, курулуш кортундуларын алуу жана менчик укуктарын каттоо иштерин бүтүрүүсү керек: шаар эски чектеринде — 2025-жылдын 1-ноябрына чейин, жаңы чектерде — 2025-жылдын 31-декабрына чейин.

Бишкек шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгы курулуш кортундуларын берүү жана жерди жоболоштуруу долбоорлорун каттоону жүргүзөт.

Мындан тышкары, муниципалитет Кыргыз Республикасынын Президентинин жерди мыйзамсыз ээлөөнү алдын алуу жөнүндө жарлыгын аткарууну күчөтөт.