Борбор калаадагы №12, 66 жана 21 мектептерде заманбап спорттук воркаут аянттары ийгиликтүү ачылды. Окуучулар иш-чараларга кубаныч менен катышып, жаңы спорттук жайларда өз өнөрлөрүн шыктануу менен көрсөтүштү.

Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев, "Твой Заряд" компаниясынын, курулуш компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Рамиз Алиев  Бишкек шаарынын мэриясы экологиялык акциянын уюштуруучуларына, өнөктөштөрүнө жана бардык катышуучуларына, айрыкча колдонулган батареяларды активдүү чогулткан балдарга ыраазычылык билдирди.

"Бул өсүп келе жаткан муун өз шаарынын экологиясына кам көрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнгөндүгүнүн ачык мисалы", — деп баса белгиледи мэрдин орун басары.

Эскерте кетсек, буга чейин мектеп окуучулары колдонулган батареяларды чогулткан "Сенин Эко Зарядың" экологиялык-социалдык долбоорунун жыйынтыгы чыккан. Эң көп батареяларды   №12, №66 жана № 21 мектептери чогултуп,  жаңы воркаут-аянтчаларды белекке алышты.

Акция "Сенин  Зарядың" компаниясы тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын, билим берүү департаментинин жана "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын колдоосу менен демилгеленген.

Эко-акция ушуну менен эле токтоп калбастан, келечекте мектеп окуучуларын жана шаардыктарды экология жана сергек жашоо маселелерине көбүрөөк тартуу максатында  туруктуу негизде ишке ашырууну улантуу пландаштырылууда.