«Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасында автобус айдоочулары менен жыйын өттү.
Иш-чаранын алкагында акыркы үч айдагы ишмердүүлүк боюнча отчет берилди, ошондой эле айдоочулардын эмгек шарттарын жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган чаралар белгиленди.
Айдоочуларга жол кыймылынын негизги эрежелери, аялдамаларда туура токтоо тартиби эскертилди, ошондой эле жүргүнчүлөргө сылык жана жоопкерчиликтүү мамиленин маанилүүлүгү белгиленди.
Мындан тышкары, жол кыймылынын эрежелерин бузуу учурлары талкууланып, аларды алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер каралды.
Жыйындын жыйынтыгында коомдук транспорттун коопсуздугун камсыз кылууга жана жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.