2025-жылдын 28-октябрынан 30-октябрына чейин Бишкекте К.Кожомкул атындагы спорт ордосунда логистикалык, транспорттук жана кампа жабдууларынын экинчи эл аралык көргөзмөсү "KyrgyzTransLogistic 2025" өтөт.
Көргөзмө Кыргыз Республикасынын транспорттук-логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, жаңы технологияларды тартуу жана эл аралык өнөктөштөр менен тажрыйба алмашуу максатын көздөйт.
2025-жылы иш-чарага алты өлкөдөн 45тен ашык компания катышат: Кыргыз Республикасы, Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Россия Федерациясы, Өзбекстан Республикасы жана Корея Республикасы. Көргөзмөнүн негизги бөлүмдөрү транспорттук логистика жана жүк ташуу, кампа жабдыктары жана автоматташтыруу системалары, логистика үчүн санариптик жана IT чечимдери, ошондой эле таңгактоо жана тиешелүү кызматтарды камтыйт.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Бишкек шаарынын мэриясынын, ошондой эле ассациациялардын жана ведомстволордун расмий колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Көргөзмө тармактык эксперттердин катышуусунда панелдик талкууларды, семинарларды жана тегерек столдорду камтыган бизнес-программаны камтыйт. Талкууда эл аралык транспорт коридорлорун өнүктүрүү, логистикалык процесстерди санариптештирүү, электрондук коммерциянын келечеги, жүктөрдү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча заманбап технологияларды ишке киргизүү маселелери талкууланат.
KyrgyzTransLogistic 2025 улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын экспорттук-транзиттик потенциалын өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын диалогу үчүн аянтча катары кызмат кылат.