“Бишкекжашылкурулуш” муниципалдык ишканасы борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин аймагындагы куурап калган бак-дарактарды санитардык бутоо иштерин жүргүзүүдө.
Иштер Бишкектин төрт районунда тең этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин ишкананын адистери тарабынан 333 бак-даракты санитардык бутоо жүргүзүлүп, балдарга жана мектеп кызматкерлерине кооптуу болгон 58 дарак алынды.
Белгилей кетсек, иштер 111 мектепти камтыган иш пландын негизинде жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө 20 билим берүү мекемесинде иш бүткөрүлдү.
Бул иш-чаралардын максаты окуучулардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле мектеп аймагынын санитардык жана эстетикалык абалын жакшыртуу болуп саналат.