Бишкек шаарында 2025-жылдын 13-октябрынан тарта Ауэзов көчөсүнүн Жибек-Жолу проспектисинен У.Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү реабилитациялоо үчүн убактылуу жабылат.

Оңдоо иштеринин алкагында асфальт төшөлүп, тротуарлар калыбына келтирилет.

Урматтуу тургундар! Мэрия убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарды алдын ала пландап, мүмкүн болушунча коомдук транспортту пайдаланууну өтүнөт.