2025-жылдын 12-октябрында борбор калаанын Ынтымак сейил багында "Bishkek Travel Fest" аттуу биринчи аймактык жаштар туризм фестивалы кеңири масштабдагы жарманке менен ачылды.
Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева катышып, көргөзмөгө коюлган продукцияларды көрүп чыкты.
Жарманке бир нече багытты — туризмди, кол өнөрчүлүктү, улуттук тамактарды жана жергиликтүү өндүрүштү бириктирди.
Келген коноктор жергиликтүү операторлордун саякат сунуштары менен таанышып, табигый бал жана балчылык азыктарын сатып алып, улуттук тамак-аштан даам татып жана кол өнөрчүлөрдөн сувенирлерди ала алышты.
Иш-чара жүздөгөн жаш катышуучуларды өзүнө тартып, фестивалдын эң активдүү жана интерактивдүү жайларынын бири болду.