Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата Ынтымак-1 жана Ынтымак-2 сейил бактарында “Bishkek Travel Fest” жаштар туризм фестивалы өткөрүлдү.
Иш-чара баш калаанын активдүү жаштарын, туристтик уюмдарын, саякаттоону сүйгөндөрдүн жана жаңы горизонтторду ачкандардын баарын чогултуп, чыгармачылыктын, достуктун жана шыктануунун негизинде өттү.
Фестивалда Байрадан келген улуттук коллекцияны чагылдырган этникалык кийимдер көргөзмөсү болду. Көрүүчүлөр маданий мурастарды заманбап дизайн менен айкалыштырып, кыргыздын ар кыл улуттук кийимдеринен ырахаттана алышты.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азамат Кулубеков жетектеген Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын үйлөмө аспаптар оркестри майрамдык салтанатка музыкалык көрк кошту. Оркестр классикалык жана заманбап чыгармаларды аткарып, көрүүчүлөрдү толкундантты.
Балдар жана өспүрүмдөр үчүн аниматорлор чакырылып, интерактивдүү зоналар уюштурулду — жандуу каармандар, кызыктуу оюндар, квесттер жана кызыктуу иш-чаралар бул күндү бүтүндөй үй-бүлө үчүн бай жана эсте каларлык кылды.
Bishkek Travel Fest ар бир адам эс алуу жана туризм үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача ала турган аянтча болуп калды.