Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы тарабынан максатына туура келбеген объектилерди демонтаждоо иштери жүрүп жатат.
Бул иштер борбор калаанын мэриясы тарабынан түзүлгөн тиешелүү комиссиянын чечиминин негизинде аткарылууда.
Мисалы, Салтанат жана Патрис Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, аянты 0,173 гектар болгон жер тилкесинде жайгашкан объектилер бузулууда.
Аталган жер тилкеси мурда автоунаа токтотуучу жай катары берилген, бирок иш жүзүндө авто тетиктерди сатуу үчүн колдонулуп келген. Бул — жерди максатына ылайык эмес пайдалануу болуп саналат.
Бишкек шаарынын мэриясы жер тилкелери мыйзамда көрсөтүлгөн уруксат берилген ишмердүүлүккө гана колдонулушу керек экенин эскертет. Эгерде бузуулар аныкталса, ыйгарым укуктуу органдар колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чара көрүшөт.