2025-жылдын 21-октябрында саат 9:00дөн 15:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки мекемелерде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде таза суу өчүрүлөт.

Өчүрүү аймагы: Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында.

“Ала-Тоо” конушундагы  суу алгычын жана шаардагы таза суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу өчүрүлөт.

“Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-ишканалардан жана шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.