Бишкек шаарындагы ДЕПО-2 аймагында борбор калаадагы транспорттук кырдаалды жакшыртуу жана жол тыгындарын азайтуу маселелерине арналган алгачкы ачык эксперттик жолугушуу —Жол боюнча кеңеш өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — шаар ичиндеги жолдорду коопсуз жана ыңгайлуу кылууга жардам бере турган реалдуу, практикалык чечимдерди иштеп чыгуу.
Окумуштуулар, эксперттер, коомдук активисттер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен ачык диалог форматында өткөн жыйынды Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев ачты.
Өз сөзүндө шаар башчысы Жол боюнча кеңеш — бул бийлик менен коомчулуктун жаңы өз ара аракеттенүү форматы экенин белгиледи. Бул формат отчет берүүгө эмес, реалдуу өзгөрүүлөргө багытталганын баса белгиледи:
«Биздин негизги максатыбыз — коомчулук менен түз байланыш түзүү.
Бул жөн гана кезектеги жыйын эмес, бул – ачык диалог үчүн жаңы аянтча. Бизге сындагандар менен түз сүйлөшүүгө ниет да, эрк да бар. Анткени биз дал ошол тургундар үчүн иштеп жатабыз.
Бир күндө бардык көйгөйлөрдү чече албасыбызды түшүнөбүз, бирок сунуштарды угууга, кабыл алууга жана аларды сиздер менен чогуу ишке ашырууга даярбыз.
Бүгүн айтылган ар бир сунуш – эртең конкреттүү ишке айланышы керек», – деп белгиледи мэр.
Айбек Жунушалиев ошондой эле мындай форматтагы жолугушуулар туруктуу негизде өткөрүлөрүн, алар борбордун транспорттук өнүгүүсү үчүн натыйжалуу чечимдерди системалуу түрдө кабыл алууга мүмкүндүк берерин кошумчалады.