Бишкекте Козу-Баглан көчөсүнүн Мыскал көчөсүнөн ЧЧКга чейинки экинчи бөлүгүнө асфальт төшөө иштери аяктады.
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жолчулары ирригациялык системаны орнотуу, жол негизин даярдоо жана жаңы асфальт төшөө иштерин жүргүзүштү.
Белгилей кетсек, буга чейин Козу-Баглан көчөсүнүн Мыскал көчөсүнөн Ай-Көл көчөсүнө чейинки биринчи бөлүгү ишкананын адистери тарабынан капиталдык оңдоодон өткөн.