Өспүрүмдөрдүн эстетикалык, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында борбор калаадагы 21 мектептин окуучулары атайын түзүлгөн графикке ылайык А. Умуралиев атындагы театрга барышат.

Маданий-аңгемелешүү багытындагы бул программанын алкагында окуучулар театрлык спектаклдерди көрүп, кыргыз драматургиясынын классикалык жана заманбап чыгармалары менен тааныша алышат. Ошондой эле театрдын актерлору жана режиссёрлорунун чыгармачылыгы тууралуу кеңири маалымат алышат.

Мындай иш-чаралар окуучулардын көркөм табитин калыптандырууга, театр өнөрүнө болгон кызыгуусун арттырууга, маданий мураска жана коомдун руханий баалуулуктарына болгон урмат-сыйды тарбиялоого өбөлгө түзөт.

Мектептер менен театрдын тыгыз кызматташуусу окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган тарбиялык ишмердүүлүктүн маанилүү багыты болуп саналат.