Бишкек Жылуулук электр борборунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык жарандык коргонуунун республикалык командалык-штабдык машыгуусунун биринчи күнү башталды.
Иш-чара жарандык коргонуу органдарынын жана күчтөрүнүн жер титирөө жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга даярдыгын текшерүүгө багытталган. Машыгуу 24-октябрга чейин улантылып, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулууда.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев штаб жыйынында сүйлөп жатып, мүмкүн болгон табигый кырсыктарга системалуу даярдыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп, борбор калаада алдын алуу чаралары комплекстүү түрдө жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
«Аламүдүн жана Ала-Арча дарыяларынын жээктери тазаланды, жээктерди бекемдөө иштери жүргүзүлдү, таяныч дубалдар курулду. Бул чаралардын аркасында 2025-жылы мурунку жылы байкалган суу каптоо учурларынын алдын алууга мүмкүн болду», – деди мэр.
Машыгууга өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов, жарандык коргонуу кызматтарынын, шаардык түзүмдөрдүн жетекчилери жана борбор калаанын төрт административдик районунун башчылары катышты. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген өкүлдөр видеоконференция аркылуу кошулду.