2025-жылдын 27-октябрында саат 10:00дөн 19:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
- Ч. Айтматов проспектиси – Айни көчөсү – Водопроводная көчөсү – Сухомлинов көчөсү – Водопроводная көчөсү – Целинная көчөсү – Политехническая көчөсү – Таш-Көмүр көчөсү.
- эски аэропорт аймагы, Ак-Кеме мейманканасы.
Диаметри 300 мм болгон магистралдык суу түтүгүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
