Күнтуу трассасындагы Д-1000 мм суу алгычындагы аварияны жоюу, калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу, 2052-жылдын 29-октябрында саат 08:00дөн 24:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик багытындагы объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат.
Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген: Достук конушу – ЖЭБ-2 – Ынтымак көчөсү – Көк-Асаба көчөсү – Көк-Жайык көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү – Б. Алыкулов көчөсү – Өмүр көчөсү – Муромская көчөсү – Селекционная көчөсү – Күнтуу унаа жолу.
"Бишкексууканал" ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме уюмдарды жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
