23–26-октябрь күндөрү №10 орто мектебинин базасында 2014-жылы туулган жана андан кичүү курактагы окуучулар арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өттү. Бул турнир Свердлов району боюнча «Мектеп лигасы» спартакиадасынын алкагында уюштурулду.

Мелдешке 12 мектеп катышты: №10, 16, 66, 87, 38, 11, 116, 114, 53, 51, 89 жана 46.

Жыйынтыктар:
1-орун — №16 орто мектеби;
2-орун — №66 орто мектеби;
3-орун — №10 орто мектеби.

Жеңүүчүлөр грамота жана балуу белектер менен сыйланышты.

Иш-чаранын уюштуруучусу — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.