Бишкек шаарында 14 жаштан жогору спорт мектептеринин тарбиялануучулары үчүн тарбиялык жолугушуу өттү.
Лекциянын темасы «Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү жана баңгиликтин алдын алуу» болду.
Иш-чаранын негизги максаты жаштардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамилени, туура жашоо тандоосун жана жаман адаттарды четке кагууну калыптандыруу болуп саналат.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ИИМинин Баңгизат жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү — коомчулук менен өз ара аракеттенүү жана профилактика бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Каныбек Усенов, ошондой эле психиатр-нарколог Тинатин Сагынбаева сөз сүйлөштү.
Адистер психоактивдүү заттарды колдонуунун кандай кесепеттерге алып келери, укук бузуулардын алдын алуунун маанилүүлүгү жана ден соолукту физикалык да, психологиялык да сактоонун жолдору тууралуу маалымат беришти.
Жолугушууга шаардагы спорт мектептеринен болжол менен 200гө жакын өспүрүм катышып, активдүү суроолорду берип, талкууга аралашты.
Мындай иш-чаралар жаштардын тарбиялык ишмердүүлүгү жана сергек жашоо образын жайылтуу программасынын алкагында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
Иш-чаранын уюштуруучулары — Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жана КР ИИМинин БМЖККК кызматы.






