Баш калкалоочу жайлар кышка даяр
Бишкек шаарынын аймагында күз-кыш мезгилинде  туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады.
Октябрь районунда, А. Токомбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан  баш калкалоочу жай 80 адамга ылайыкталган. Учурда баш калкалоочу жайда оңдоо иштери жүргүзүлүп, төшөнчүлөр жана дары-дармектер сатылып алынды, ошондой эле бир жолку ысык тамак берүүгө мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлдү. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жылытуу мезгилине 10 тонна көмүр сатылып алынды.
Биринчи Май районунун аймагында туруктуу негизде жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган, жашаган жери жок 70 адамга ылайыкталган «Коломто» муниципалдык мекемеси иштейт (дареги: Жибек Жолу проспекти, 413). Анда күн сайын 70тен 100гө чейинки үй-жайсыз адам бир жолку тамак-аш жана түнөк алышат.
«Коломто» МУнун негизги функциялары төмөнкүлөр:
- Убактылуу түнөк жай менен камсыз кылуу, бир жолку акысыз тамак-аш берүү, медициналык кароодон өткөрүү (флюорография, канды РВ жана ВИЧке анализ тапшыруу) жана алгачкы санитардык тазалоо (жуунтуу, жарааттарды тазалоо, кийимди алмаштыруу ж.б.);
- Бул мекеме жыл сайын туруктуу жашаган жери жок 2000 адамга кызмат көрсөтөт.
Ленин административдик районунун аймагында "Боорукердик борбору" КФнын алдында оор турмуштук кырдаалга кабылган аялдар жана балдар үчүн 45 адамга ылайыкталган баш калкалоочу жай иштейт, аларга бир жолку ысык тамак, түнөк, медициналык жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүлөт. Учурда борбордо 10 аял 12 баласы менен жашайт.
Колдоо үйү төмөнкү даректе жайгашкан: Трудовая көчөсү, 10. Толук маалыматты 64-11-09 телефону аркылуу алсаңыз болот.
Белгилей кетсек, бул баш калкалоочу жайларга туруктуу жашаган жери жок адамдар өздөрү кайрыла алышат, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы жеткире алышат. Эгерде сиз жардамга муктаж болгон үй-жайсыздарды көрсөңүз, 102 (милиция) же 103 (тез жардам) телефондоруна чалуу зарыл.



