Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерди жана окуучулардын мыйзамдуу өкүлдөрүн күзгү каникул учурунда балдарына өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Мектептеги каникул учурунда балдардын бош убактысы көбүрөөк болот жана бул убакытты коопсуз жана пайдалуу өткөрүү абдан маанилүү. Ошондуктан, Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге өспүрүмдөрдүн кайда жүргөнүн жана бош убактысын кантип өткөрүп жатканын туруктуу көзөмөлдөп турууну эскертет.
Өзгөчө көңүл кырсыктардын жана укук бузуулардын алдын алууга бурулушу керек. Ата-энелерге балдары үчүн маданий, спорттук жана билим берүү иш-чараларын, үй-бүлөлүк эс алууларды жана чогуу убакыт өткөрүүнү камтыган маңыздуу эс алууну уюштурууга чакырабыз.
Бишкек шаарынын мэриясы ошондой эле ата-энелерди өспүрүмдөргө автоунаа айдоого катуу тыюу салууга чакырат. Мындай учурлар көп учурда оор кесепеттери бар жол-транспорт кырсыктарына алып келет.
Ата-энелер балдардын өмүрү, ден соолугу жана коопсуздугу үчүн жооптуу. Балдарыбыздын коопсуз жана бактылуу келечеги үчүн биз баарыбыз биргелешип аракет кылуубуз зарыл.