Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен биргеликте “Бишкек шаарындагы «Тай Брейк» кортторунун базасында жыл бою иштей турган «Теннис Парк» теннис комплексин реконструкциялоо жана куруу” аттуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо үчүн конкурс жарыялайт жана бардык кызыкдар тараптарды катышууга чакырат.
Бул долбоордун максаты — заманбап спорттук инфраструктуранын талаптарына жооп берген, жабык, жыл бою иштей турган теннис комплексин реконструкциялоо жана куруу болуп саналат. Ошондой эле бул демилге калк арасында дене тарбия жана спорт менен машыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, массалык жана профессионалдык спорттун өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, Бишкек шаарын спорт борбор катары имиджин жогорулатат.
Конкурска катышуу үчүн квалификациялык документтер менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот:
https://disk.yandex.ru/i/SLHgFqWVpQ_UxA
Квалификациялык тандоого катышуу үчүн арыз жана ага тиркелген документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси, 328, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, же почта жана курьердик кызмат аркылуу 2025-жылдын 4-декабры, саат 18:00гө чейин.
Долбоор боюнча кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот:
дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти: 0700 720 730
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору: 0312 30 01 76