Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгы  Бөкөнбаев көчөсү,  144Б дарегинде жайгашкан мүлктү муниципалдык менчикке кайтарды.

35 чарчы метр аянттагы имарат дарыкана катары колдонулган жана ага жанаша жайгашкан 100 чарчы метр жер тилкеси камтылган.

Мүлк мурда жеке ишкерге таандык болгон. Түшүндүрүү иштеринен кийин мүлк шаарга өз ыктыяры менен кайтарылды.

Бишкек шаарынын  мэриясы муниципалдык мүлктү натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу жана борбор калаанын мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо үчүн муниципалдык мүлктөрдү аныктоо жана кайтаруу боюнча системалуу аракеттерин улантууда.