2025-жылдын 5-ноябрында жалпы билим берүү уюмдарынын ишине туруктуу мониторинг жүргүзүү алкагында мэрдин орун басары Виктория Мозгачева бир катар социалдык объектилерди, анын ичинде №4 бала бакчаны жана №34 атайын мектепти текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө имараттар, анын ичинде санитардык-гигиеналык түйүндөр жана окуу кабинеттер каралып чыкты.

Иш-чаранын жыйынтыгында мэрдин орун басары №34 атайын мектепте бардык санитардык нормалардын жана коопсуздук талаптарынын сакталышын өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.

Буга чейин №4 бала бакчада санитардык түйүндөр толугу менен жаңыртылып, электр зымдарына капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Бишкек мэриясы билим берүү мекемелериндеги оңдоо жана калыбына келтирүү иштеринин сапатын көзөмөлдөө боюнча туруктуу ишти улантууда. Өзгөчө көңүл коопсуздук маселелерине жана балдар менен педагогдор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бурулууда.