Жылытуу системасын туташтыруу учурунда 7-кичирайондогу «Глобус» дүкөнүнүн унаа токтотуучу жайында пайда болгон жылуулук тармагындагы бузулуу саат 05:00дө ыкчам түрдө жоюлду.

Азыркы учурда «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын адистери турак үйлөрдүн жер төлөсүндө жайгашкан элеватордук түйүндөрдү туташтыруу иштерин жүргүзүп жатышат.

Бардык абоненттер жакынкы сааттарда жылуулук менен камсыздалат.

«Бишкекжылуулуктармагы» МИси борбор калаанын тургундарын жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.