2025-жылдын 13-ноябрында турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү аймагы жана убактысы: Ай-Көл конушу, саат 10:00дөн 16:00гө чейин.
"Северный" суу алуучу жайындагы жана шаардын суу менен камсыздоо тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу суу берүү токтотулат.
"Бишкексууканал" ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан, тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
