«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы айдоочулар мурда унааларын айдап кирип, токтотушкан жерлерге 10 даана чектегич орнотту.
Иштер Жал-29 кичи районунда, Жайыл Баатыр көчөсүндө, №77 жана №79 үйлөрдүн аймагында жүргүзүлдү.
Чектегичтерди орнотуу жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга жана ушул даректеги тротуардын асфальт төшөлмөсүн сактоого багытталган.
Белгилүү болгондой, тротуардын жана жолдун асфальт катмарынын калыңдыгы бирдей эмес, ошондуктан унаалар тротуарга чыккан учурда асфальт катмарынын бузулуу коркунучу жогору болгон.


