"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкек шаары боюнча ачык темир торлорду (ЛПР) жабуу иштерин жүргүзүүдө.

Ишкананын бригадалары төмөнкү даректерге темир торлорун орнотушту:
* Миңбулак кыска көчөсү, 17;
* Щербаков көчөсү, 158;
* Орозбеков жана Васильев көчөлөрүнүн кесилиши;
* Бөкөнбаев жана Коенкөзов көчөлөрүнүн кесилиши;
* Жаманбаев жана Кудайбергенов көчөлөрүнүн кесилиши;
* Жунусалиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилиши;
* Алтымышев жана Красная көчөлөрүнүн кесилиши ж. б.

Тилекке каршы, тордун айрым бөлүктөрү бир нече жолу уурдалган, бул кошумча чыгымдарды алып келет жана жол коопсуздугуна коркунуч жаратат.
Шаар тургундарынан муниципалдык мүлккө аяр мамиле жасоону жана шаарга зыян келтирген аракеттерди жасабоону суранабыз.