Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, өлкөнүн тарыхына жана өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкон кыргыз элинин көрүнүктүү уул-кыздарын эскеришип, гүл коюшту.
«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси боюнча гид катышуучуларга бул ыйык жайдын тарыхый мааниси тууралуу кеңири маалымат берип, бул жерге кыргыз маданиятынын, илиминин жана саясатынын көрүнүктүү өкүлдөрү коюлганын белгиледи.


