Борбор калаада жол чырактардын иштебей калып жаткандыгы боюнча “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы төмөнкүлөрдү билдирет:

Бишкек шаарында акыркы убактарда өчүп жаткан жол чырактар муниципалдык ишкананын кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, кайра иштетилүүдө.

Бирок райондук электр тармактары тарабынан электр жарыгынын өчүп жаткандыгына байланыштуу жол чырактар байма-бай өчүп жатканы катталууда. Өз кезегинде ишкана тарабынан жол чырактарды өз калыбында иштетүүгө бардык иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгын маалымдайбыз.

Эгер калаа жолдорунан жол чырактын иштебей жатканын байкасаңыз, дароо төмөнкү номурларга кабарлооңузду суранабыз:

0504 88-90-99
0559 88-90-99
889099
650180

“Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.