Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаар тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Жарандарды кабыл алуу жыйыны Биринчи Май райондук администрациясынын жыйындар залында болуп өттү.
Жолугушуу учурунда район тургундары мэрге турак жайды менчиктештирүү жана бөлүп берүү, жер тилкелеринин чек араларын тактоо, ошондой эле ижара мөөнөтүн узартуу маселелери боюнча кайрылышты.
Айрыкча, жарандардын бири заманбап реабилитациялык борбор куруу демилгесин көтөрүп чыгып, буга чейин ушундай долбоорлорду ишке ашырууда чоң тажрыйбасы бар экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев тиешелүү шаардык кызматтарга бул маселени карап чыгып, борбор курууга ылайыктуу жер тилкесин мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө аныктоону тапшырды.
Мэр социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде жарандардын ден соолугун калыбына келтирүү жана колдоо үчүн шарт түзүү, Бишкек мэриясынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналарын белгиледи.







