Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык борбор калаада жер мунапысы боюнча активдүү иштер уланууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү мекемелер менен биргеликте жер мунапысына туш болгон объекттер боюнча комиссия  иштерин улантууда.

Свердлов районунда 112 арыз жактырылып, 262 материал боюнча  тиешелүү корутунду даярдоо үчүн Бишкек шаар куруу жана архитектура  башкы башкармалыгына жөнөтүлдү, ал эми 176 арыз (Нуркожо-Ата жана Ак-Жар  конушу) коомдук билдирүүгө жөнөтүлдү.

Белгилей кетчү нерсе, комиссия 550 арыз боюнча жогоруда айтылган чечимдерди кабыл алган.

Бул багыттагы иштер улантылат.