"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Леваневский көчөсүн капиталдык оңдоо боюнча активдүү иштерди улантууда.

Гагарин көчөсүнөн №136А үйүнө чейинки участокто негизги курулуш иштери аяктады: эски асфальтты алуу, тротуар жана жолдун бордюрларын орнотуу, ирригациялык тармакты орнотуу иштери аяктап, тротуардын негизи бүткөрүлдү.

Учурда адистер люк капкактарын жөнгө салып, жолдун негизин даярдап жатышат. Жакынкы арада асфальтбетон аралашмасын  төшөөнү баштоо пландаштырылууда.

Бардык жумуштар аяктагандан кийин, Леваневский көчөсүнүн эки тарабында ыңгайлуу тротуар, кеңейтилген жол жана ирригация  системасы болот.