2025-жылдын 13-ноябрында Свердлов районундагы №10 жалпы билим берүү мектебинин базасында 2010-жылкы жана андан кичүү окуучулар арасында стол үстүндөгү теннис боюнча мектеп лигасы болуп өттү. Турнирге 11 жалпы билим берүү мектебинин окуучулары катышып, жалпысынан 66 окуучу ойноду.

Мектеп лигасы 13 спорт түрү боюнча өтүп жатат. Алар бадминтон, балдар арасындагы жеңил атлетика, баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, жеңил атлетика, кичи-футбол, пионербол, стол тенниси, тогуз коргоол, ордо жана шахмат.

Райондук этаптын жеңүүчүлөрү шаардык этапка өтүп, башка райондор менен күч сынашат.  Шаардык мелдештин жыйынтыгы боюнча мыкты спортчулар кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланып, ошондой эле эс алууга жолдомо алат.

Стол тенниси боюнча кыздар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун — №1 жалпы билим берүү мектеби;
2-орун — №53 жалпы билим берүү мектеби;
3-орун — №87 жалпы билим берүү мектеби.

Стол тенниси боюнча уулдар арасында жеңүүчүлөр:
1-орун — №10 жалпы билим берүү мектеби;
2-орун — №66 жалпы билим берүү мектеби;
3-орун — №11 жалпы билим берүү мектеби.

Жеңүүчүлөр кубоктор, медалдар жана дипломдор менен сыйланышты, бул алардын кийинки спорттук мелдештерге катышуусуна кошумча мотивация болот.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурду.