1–25-ноябрь аралыгында Бишкекте борбор калаанын тургундары арасында «Күзгү спартакиаданын» шаардык этабы өтүүдө. Мелдештер алты спорт түрү боюнча уюштурулган: шахмат, үстөл тенниси, кичи-футбол, аркан тартыш, ошондой эле эркектер жана аялдар волейболу.

Буга чейин борбор калаанын төрт районунун ар биринде тандоо мелдештери өтүп, алардын жыйынтыгында шаардык этаптын финалдык оюндарына катыша турган мыкты командалар аныкталган. Мелдешке 2001-жылы төрөлгөн жана андан улуу  шаар тургундары катышты.

Мелдештин жыйынтыктары:

Октябрь району — кичи-футбол, шахмат жана эркектер волейболу боюнча 1-орун.

Свердлов району — аялдар волейболу жана аркан тартыш боюнча 1-орун.

Ленин району — аялдар волейболу, аркан тартыш жана кичи-футбол боюнча 2-орун; эркектер волейболу, шахмат жана аркан тартыш  боюнча 3-орун.

Биринчи Май району — аялдар волейболу жана аркан тартыш боюнча 3-орун.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.