Бишкек шаарынын мэринин кубогунун алкагында шаардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, администрациялык райондору боюнча муниципалдык администрацияларынын арасында стол үстүндөгү теннис жана дартс боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Мелдеш жалпысынан сегиз спорт түрүн камтыйт: футзал, волейбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, дартс, ордо, аркан тартыш жана бильярд. Волейбол жана футзал боюнча оюндар дагы уланууда. Ал эми ушул дем алышта шахмат жана ордо боюнча мелдештер өтөт.

Дартс боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун — Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы;
2-орун — «Бишкек жашыл курулуш» МИси;
3-орун — Биринчи май райондук администрациясы.

Стол үстүндөгү теннис боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун — «Бишкекжылуулуктармагы» МИси;
2-орун — «Бишкекжарык» МИси;
3-орун — «Бишкексууканал» МИси алды.

Мелдештин уюштуруучусу — Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти болду.