Балдардын эл аралык күнүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн секретариаты, ЮНИСЕФтин Балдар фонду менен биргеликте «Балдар сүйлөйт – 2025» аттуу бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Демилгеге Бишкек шаарынын мэриясы да кошулду. Шаар мэри Айбек Джунушалиев балдар менен жолугушуу өткөрүп, иш-чара жылуу жана ачык маанайда өттү. Катышуучулар өз коопсуздугу жана ыңгайлуу мектеп чөйрөсү үчүн маанилүү деп эсептеген нерселер тууралуу эркин айтып, өздөрүн кызыктырган суроолорду беришти.
Мэр экологиялык тарбиянын маанилүүлүгүн белгилеп, балдарды мектеп жашоосуна активдүү катышууга чакырды.
«Балдар сүйлөйт — 2025» демилгеси Кыргызстанда балдарды коргоо системасын өнүктүрүүгө, баланын пикирин урматтоого, маданиятын калыптандырууга жана мамлекет, коом, үй-бүлөлөр жана балдардын өз ара кызматташтыгын чыңдоого олуттуу салым кошууда.


