Эт азыктарына баанын кескин жогорулашы олуттуу социалдык көйгөйгө айланган шартта, Бишкек шаарынын мэриясы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы  менен биргеликте борбордун азык-түлүк базарларындагы абалга көзөмөлдү күчөттү. Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 7-августундагы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн 2025-жылдын 14-августундагы «Эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» буйругунун  негизинде аткарылууда.

2025-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарынын мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы  мэрдин биринчи орун басары  М.К. Байгончоковдун жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын  төрагасынын  орун басары М. Иманкуловдун жетекчилиги алдында «Аламүдүн» жана «Ош базары» базарларында биргелешкен рейддерди өткөрдү.

Текшерүүгө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча адистери, ветеринардык кызматтын өкүлдөрү, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары, ошондой эле Свердлов жана Ленин райондорунун акимдеринин биринчи орун басарлары катышты.

Рейддин жүрүшүндө ишкерлерге мыйзамдардын талаптарын жана  эттин баасына коюлган чектөөлөрдү так сактоонун зарылдыгы түшүндүрүлдү. Ошондой эле этке негизсиз баа көтөрүү фактылары аныкталса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар колдонулары эскертилди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясы Ош базарында кошумча арзандатылган эт сатуу пунктун түздү, ал этти килограммына 660 сомдон жогору эмес баада сатат, бул калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Бишкек шаарынын мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасын туруктуу кармоо боюнча координацияланган ишин улантат. Көзөмөл жана түшүндүрүү иштеринин жүрүшү туруктуу негизде жүргүзүлөт.