Бишкек шаарындагы билим берүү уюмдарында «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер» аттуу Эл аралык өнөктүгүнүн алкагында ар кандай иш-чаралар активдүү өткөрүлүүдө. Мектептерде сүрөт сынактары, тематикалык класстык сааттар, семинарлар жана балдар менен өспүрүмдөрдүн зомбулукка каршы маданиятын, адам укуктарын урматтоо түшүнүгүн калыптандырууга багытталган башка агартуучулук иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Кечээ №67 мектептин базасында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан уюштурулган шаардык семинар болуп өттү. Семинарга борбордогу 119 мектептин социалдык педагогдору катышты.

Иш-чаранын уюштурулушуна Свердлов районуна караштуу №16, 21, 38, 87 жана 67 мектептердин 6–11-класстарынын окуучулары активдүү салым кошушту. Окуучулар балдарга, аялдарга жана кыздарга карата зомбулук маселесине арналган музыкалык пантомима, форум-театр жана көркөм окууларды даярдашты. Бул тема – азыркы коомдун эң курч көйгөйлөрүнүн бири.

Мындан тышкары, №67 мектептин мугалимдери зомбулуктун алдын алууга жана окуучуларда коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган «Kahoot» жана «Рефлексия» интерактивдүү оюндарын өткөрүштү.

Мындай иш-чаралар окуучулардын маалымдуулугун жогорулатууга, гуманизм жана өз ара урматтоо сыяктуу туруктуу баалуулуктарды калыптандырууга, ошондой эле балдардын укуктарын коргоо боюнча билим берүү уюмдарынын кызматташтыгын бекемдөөгө көмөк көрсөтөт.