2025-жылдын 5-декабрында борбор шаардын №51 мектебинде «Улуттун уңгусу — Манас эпосу» аттуу иш-чара өткөрүлүп, ал «Манас» эпосунун күнүнө арналды.
Иш-чараны төкмө акын Кутман Садыбакасов ачып берди. «Манас» улуттук театрынын манасчылары — Узарбек Анарбеков жана Уларбек Мирлан уулу иш-чаранын ардактуу коноктору болуп, майрамдын өзгөчө маанайын жаратышты. Мындан тышкары, окуучулар «Манастын төрөлүшү» сахналаштырып, ырлар, бийлер жана хордук номерлер менен чыгармачылыктарын тартуулашты.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адиси Перизат Бакирова катышып, окуучуларга жылуу каалоо-тилектерин айтып, бардыгын «Манас» эпосунун күнү менен куттуктады.
«Тарыхын урматтаган элдин келечеги кең, мурасын баалаган элдин руху түбөлүктүү». Дүйнөдө теңдеши жок «Манас» эпосун муундан муунга өткөрүү ар бир жарандын парзы, өзгөчө жалпы элдин ыйык милдети!





