Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы убактылуу курулуштарды демонтаждоо иштерин улантууда.

2025-жылдын 5-декабрында иштер Жибек-Жолу проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишинде мэриянын комиссиясынын чечими менен жүргүзүлүүдө. Бул жердеги объекттердин ижара мөөнөтү аяктагандыктан алуу чечими кабыл алынган.

Бардыгы 6 негизги объект демонтаждалат, андан кийин муниципалдык жердин 700 чарчы метри бошотулат. Бул аймакта жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү пландалууда.

Мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы боюнча Бишкекте бардык мектептердин аймагын тазалоо жана көрктөндүрүү иштери улантылууда. 2025-жылдын 11 айында башкармалыктын демилгеси менен 9 000ден ашык объект демонтаждалды.