Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспорт үчүн артыкчылыктуу шарттарды түзүү жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жол жүрүү шарттарын камсыз кылуу боюнча ишти улантууда.
Ушуга байланыштуу, И.Ахунбаев көчөсүндө Ж.Пудовкин көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин 2 км ашык коомдук транспорт үчүн өзүнчө бөлүнгөн тилке уюштурулду.
Белгилей кетсек, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана көрүнүүсүн жакшыртуу үчүн бул атайын тилкеге сары жол белгилери түшүрүлдү.
