Кытай Эл Республикасынан Бишкек шаарына 95 жаңы автобус толугу менен жеткирилип, учурда алардын баары ДЕПО-1дин аймагына жайгаштырылды.
Ар бир автобустун узундугу 12 метрди түзүп, үч эшик менен жабдылган. Жай мезгилинде кондиционерлер, ал эми кышында жылытуу системалары иштейт. Сыйымдуулугу болжол менен 70 жүргүнчүнү түзөт.
