А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры балдарды жана алардын ата-энелерин Жаңы жылдык майрамдык маанайга чакырат. 23-декабрдан 28-декабрга чейин саат 14:00дө театрдын артисттери балдар үчүн  «Доктор Айболит» аттуу майрамдык спектаклдин премьерасын тартуулашат.

Ким бала кезинен бери белгилүү, боорукер жана жүрөк жылыткан Корней Иванович Чуковскийдин жомогундагы Доктор Айболитти сүйбөйт дейсиз? Ооба, дал ошол — дарактын түбүндө отуруп, бардык жаныбарларды айыктырган ак ниет дарыгер. Спектаклдин башкы каарманы да жомоктогудай эле өтө боорукер, адамдардын көз карашында бир аз кызыктай көрүнгөн инсан. Ал жаныбарлардын тилин түшүнгөндүгү менен гана эмес, материалдык байлыкка жана ыңгайлуулукка маани бербегени менен айырмаланат. Ал үчүн эң башкысы күн тийип, айланасындагылардын баары аман-эсен, дени сак болушу.

Бул спектакль — жарык маанайдагы, кубаныч тартуулаган, кооз декорациялар жана түркүн түстүү, жандуу костюмдар менен коштолгон сахналык коюлуш. Ал эми залдагы бардык көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүп, күлкүгө бөлөп, «дарылап-айыктырган» каарман — албетте, боорукер Доктор Айболит!

Мындан тышкары, спектаклден кийин көрүүчүлөрдү балаты жанындагы майрамдык оюн-зоок күтөт. Анда Аяз ата, Аяз кыз жана жомоктогу каармандар катышып, балдарга өзгөчө майрамдык белек тартуулашат.

Театрдын дареги: Чүй проспекти, 28
Маалымат үчүн телефондор: 53-04-42; 0 (500) 20-10-67
Электрондук почта: bgdt.kg@mail.ru
Веб-сайт: http://www.bgdt.kg
Театр кассасы: +996 500 201 067
Билеттерди онлайн сатып алуу: https://kassir.kg/